Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттөн үч жаштагы бала каза болду

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрттөн үч жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:35те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылды. Өрт саат 17:51де чектөөгө алынып, саат 18:46да толук өчүрүлдү.

Маалыматка ылайык, батирдин балкону толук өрттөнүп, тилеке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган А.М аттуу бала каза болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты