Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү
- 1 год мурун
Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
19-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Тыналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн алдын ала маалымат боюнча 6, 7, 8-кабатындагы батирлердин балкондорунан өрт чыкты.
Өрттү өчүрүүгө саат 15:36да Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 15:45те Биринчи Май райондук №8 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 16:05те өрт өчүрүүчү штабы тартылган.
Өрт саат 17:42те толук өчүрүлдү. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Муну бөлүшүү