Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинде ойноп жаткан 2 кичинекей кыз куткарылды

  • 2 года мурун

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинде ойноп жаткан 2 кичинекей кыз куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарынын Ленин районунун Т.Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 5-кабатында терезеде 3 жана 5 жаштагы 2 кичинекей кыз ойноп, көзөмөлсүз жана кооптуу тургандыгы тууралуу маалымат ӨКМнин 112 кызматына түшкөн.

Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу ыкчам түрдөжерине жетип, наристелерди алып түшүү аракетин көрүшкөн. Тартылган куткаруучулар 9-кабаттан 5-кабатка атайын альпинисттик шаймандын жардамы менен 2 кызды куткарып калышты. Алар ИИМ кызматына өткөрүлүп берилген. Белгилей кетсек, кичинекей кыздар ата-эненин көзөмөлүсүз калган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты