Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бир адам каза болду

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 21-августта Бишкек шаарынын 3-кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Алардын аракети менен өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн 1 адам каза болгон, ал эми жабыркагандар такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты