Бишкекте көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды

  • 1 год мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин базасында көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти 1990-жылдан бери иштейт. Бирок каржылоонун жана адистердин жетишсиздигинен имаратта оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, эл аралык стандарт боюнча аккредитациялоо процедурасына кайрыла алган эмес.

2022-жылы аккредитациялоо талаптарын ишке ашыруу максатында документтер иштелип чыгып, ЭМДнин ишмердүүлүгүнө сапат менеджменти системасы киргизилип, министрликтин алдындагы тармактар аралык окуу борборунда «Үлгү алуу» программасы боюнча 4 адис жана жогорку басымдагы сосудтар менен иштөөдө 3 адис окутулуп, тиешелүү сертификаттарды алышкан. Ошондой эле департаменттин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Санитардык нормаларга жана эрежелерге жооп берген лабораториялык эмеректер, көмүрдүн сапатын аныктоочу жаңы жабдуулар Жаратылышты өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынып, баланска өткөрүлдү.

Министрликтин маалыматында мунун арты менен Экологиялык мониторинг департаментине эл аралык стандарттарга туура келген заманбап лаборатория ачылганы айтылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты