Бишкекте көмүрдү кайдан алса болот? Көмүр базаларынын даректери

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаанын аймагында жайгашкан көмүр базаларынын тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, учурда Кара-Кече көмүрү сапатына жараша 4 500 сомдон 5 600 сомго чейин сатылууда. Бир мүшөк көмүрдүн баасы 300 сомдон 400 сомго чейин болууда.

Бишкек шаарындагы көмүр базаларынын даректери:

Ленин району:

— Мурманск көчөсү № 126;
— «Кара-Тоо» ЖЧК Мурманск көчөсү №45/2 (мурунку Торг-Синтез ЖЧК);
— «Береке» ЖЧК Мурманск көчөсү №122, 122а;
— «Беш Сары» ЖЧК Мурманск көчөсү №1Б;
— Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси №306а дареги боюнча;
— «Болотбеков» ЖИ Дэн Сяопин проспектиси №308/4.

Ошондой эле көмүр сатуучу кошумча пункттар Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүндө ачылды.

Биринчи май району:

— Дэн Сяопин пр. № 531 (М.Ганди бульвары менен Жапаров көчөсүнүн кесилишинде).

Октябрь району:
— «Глобал Азия Пропертис» ЖЧК «Төкөлдөш» конушу 1 дарегинде тоннасы 5 400 сомдон;
— Достоевский көчөсү 97 дарегинде 1 тоннасы 5 000 сомдон;
— Октябрь көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4 800 сомдон;
— Анкара көчөсү 1а дарегинде 1 тоннасы 4 800 сомдон.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсүндө бир көмүр базасы бар. Шабыркүл көмүрү тоннасы 5 000 сомдон сатылууда.

Ошондой эле «Келечек» конушунда көмүр сатуучу кошумча пункттар жайгашкан. Кампада 35 тонна «Кара-Кече» көмүрү бар, 1 тоннасы 4 500-5 000 сомдон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты