Бишкекте күйүүчү май бир күндө эки сомго кымбаттады
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
АИ-92 бензини 86,9 сом, АИ-95 99,9 сом болду. Дизелдин баасы 1,6 сомго өсүп, 99,9 сомго жетти.
Июль айында Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы болжол менен 79,9 сомду, ал эми дизелдики 93,8 сомду түзгөн.
Бир айга жетпеген убакыттын ичинде АИ-92 бензининин баасы болжол менен 7 сомго, дизелдик отундуку 6 сомдон ашыкка кымбаттады.
Күйүүчү майдын баасы аймактарга жеткирүү чыгымына жараша айырмаланат.
Баткенде Бишкекке салыштырмалуу 3-3,5 сомго, Нарында 1 сомго, Таласта 1,5-2 сомго кымбат болушу мүмкүн.
Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана тартыштыктын алдын алуу максатында сырттан ташып келип саткандарга мамлекеттик субсидия берген тартипти өзгөртүүнү сунуштады.
Эми субсидия темир жол аркылуу гана эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн мамлекеттик чек ара аркылуу импорттолгон күйүүчү майларга да берилет.
Сүрөт: Интернет булактарынан




