Бишкекте «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкектеги Кыргыз Улуттук тарых музейинде «Көчмөн сыры» эл аралык кол өнөрчүлөр форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, Азия Тынч океан регион боюнча кол өнөрчүлөр кеңешинин вице-президенти Азиз Муртазаев, ТҮРКСОЙ уюму, Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы Улуттук комиссиясы, Орто Азия боюнча кол өнөрчүлөрдү колдоо ассоциациясы, “Кыял” Иш башкармалыгы жана Кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Форумдун алкагында “Кол өнөрчүлөр мекени” программасынын негизинде Ысык-Көл облусуна “Боз үйдүн мекени”, Нарын облусуна “Шырдактын мекени” аттуу макамы тапшырылды.

Ошондой эле “Кол өнөрчүлүк тарабында чыккан эң мыкты буюму” программасынын негизинде сынактан өткөн 14 кыргыз чеберине Сапат белгиси ыйгарылды.

Иш-чара кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана концерттик программа менен коштолду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты