Бишкекте күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 7 месяцев мурун
Бишкекте күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
19-март күнү саат 21:05те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Бишкек шаарында 3 баллга (Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү