Бишкекте Фучик көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү ачылды

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 19-октябрда Бишкекте Ю.Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки оңдоп-түзөөдөн өткөн бөлүгү ачылды. Ачылышка шаар жетекчилиги жана тургундар катышты.

Жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн көчө үч этап менен реабилитацияланууда. Экинчи этап бүгүн аяктап, үчүнчү фаза Жибек-Жолу проспектисинен Аска-Ташка чейинки бөлүгү 2025-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүлмөкчү.

Долбоордун жалпы наркы 277,5 миллион сомду түзүп, ишти «ДорстройГрупп» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Реконструкция шаардын жол инфраструктурасын жакшыртуу жана 2026-жылы өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүү алкагында ишке ашууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты