Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 1 неделя мурун

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге А.И.атту жаран “И” аттуу жаранга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 2-февралында “И” аттуу жаран автосалондордун биринин ээси анын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен 135 миң АКШ долларын түзгөн 2022-жылкы “BMW 7” үлгүсүндөгү унааны сатууга көмөктөшөм деген шылтоо менен ээлеп алган. Андан соң аны үчүнчү жактарга сатып, андан түшкөн 125 миң долларды жеке муктаждыктарына жумшаган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнын Кылмыш иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 1994-жылы туулган А.И. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталып, тактап айтканда, түштүк Кореядан кымбат баалуу унааларды алып келүү шылтоосу менен 121 миң 500 доллар өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алгандыгы тастыкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты