Бишкекте интернет-алдамчылык фактысы боюнча бир адам кармалды

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарында ири суммадагы интернет-алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-ноябрында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Н.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 5-ноябрда белгисиз адамдар «WhatsApp» мессенджери аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен жабырлануучунун ишенимине кирип, 49 миң 900 АКШ долларын алдап алышкан. Акча каражаттары жети банктык эсепке которулган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Текшерүү учурунда жабырлануучу «Оптима Банк» төлөм терминалдары аркылуу жалпы 3 млн 655 миң сом которгону аныкталган.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча алуучулардын бири 2007-жылы туулган А.Б. аныкталып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты