Бишкекте “Империя пицца” кафесинин кошумча курулушу буздурулууда

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте “Империя пицца” кафесинин кошумча курулушу буздурулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мурда берилген эскертүүнүн негизинде «Ала-Арча» соода борборундагы «Империя пицца» кафесинин жайкы террасасы буздурулууда. Жер тилкеси муниципалдык аймак болуп саналат, 13-ноябрда административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн. Кошумча курулуштун жалпы аянты 58 чарчы метрди түзөт, ошондой эле 50 чарчы метр таштанды үчүн бастырма алынууда.

Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен жеринде иш алып барышууда. Буга чейин Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты