Бишкекте ГУМ соода борборунун эскалаторунан 23 жаштагы жаран кулап түштү
- 2 года мурун
Бишкекте ГУМ соода борборунун эскалаторунан 23 жаштагы жаран кулап түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Шопоков көчөсүндө жайгашкан ГУМ соода борборунун ичинде 1999-жылы туулган С.Т. эскалатордон кулап түшкөн. Куткаруучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүп берип, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү