Бишкекте Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) каржылык колдоосу эки оорукана курулууда

  • 2 года мурун

Бишкекте Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) каржылык колдоосу менен Республикалык перинаталдык борбору жана шаардык кургак учукка каршы оорукана курулууда.

Имараттардын курулушунун жүрүшү менен бүгүн, 25-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров таанышып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Перинаталдык борбор 203 бейтапка ылайыкталган. Борбор ушул жылдын экинчи жарымында ишке берилиши күтүлүүдө. Ооруканада ар кандай патологиялар жана оорунун өрчүп кетүүсүнөн улам келип чыккан татаал операциялар жасалат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ош жана Талас облустарында ушундай перинаталдык борборлор курулары тууралуу айтылат.

Ал эми Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен курулган шаардык кургак учукка каршы жаңы ооруканасы 128 бейтапка ылайыкталган.

Учурда мекемеге медициналык жабдуулар орнотулуп, ачылышы ушул жылдын февраль айына пландалууда.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров быйылкы жылы республиканын аймактарында 7 заманбап оорукана курула турганын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты