Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү.

Жыйынга ЕАЭБге мүчө Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко видео байланыш аркылуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жеринде катышты.

Иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, президент Жапаров «ЕАЭБди өнүктүрүү — бул биримдикке кирген ар бир мамлекеттин өзүнчө обочолонгон процесси эмес, ал ага мүчө-мамлекеттердин баарынан көз каранды болгон бири-бирин толуктоочу процесс», -деп билдирди.

Жапаров бирикменин негизги төрт милдетин белгилеген. Биринчиси, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин камсыз кылуу.

Экинчиси — 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын өз убагында ишке ашыруу.

Үчүнчүсү — агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарында биргелешип иш жүргүзүүү. Бул — импортту алмаштыруу максатында конкреттүү кооперация долбоорлорун ишке ашыруу жана Биримдиктин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.

Төртүнчүсү — туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында биздин интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алгоритмдерин жана механизмдерин аныктоо.

Бешинчиси — Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттары боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында 300дөн ашык иш-чара пландалып, ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ири бизнестеринин, мамлекеттик органдарынын жана ЖМКларынын өкүлдөрү чогулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты