Бишкекте этникалык кыргыздардын маселелерин талкуулаган жыйын өттү

  • 1 год мурун

Бишкекте бүгүн, 14-июлда этникалык кыргыздардын маселелерин талкуулаган «Этно кеңеш-2023» аталышындагы жыйын өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин жаштар саясаты боюнча орун басары Марат Тагаев, маданият министринин этностор аралык мамилелер боюнча орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча эксперти Айнагүл Чолова жана кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада этникалык кыргыздарга жер берүү маселеси, жарандык алуу, билим алуу, жумушка орношуу, этникалык кыргыздардын Кыргызстанга келгенден кийин пенсияга чыгуусу, пенсия алуусу сыяктуу бир топ маселелер талкууланды.

Учурда расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 300 миңден ашуун, Тажикстанда 55 миңге жакын этникалык кыргыз жашайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты