Бишкекте эркин медиаларды колдоо жөө жүрүшү өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 14-октябрда Бишкекте эркин медиаларды колдоо жөө жүрүшү өттү. Жөө жүрүш темир жол вокзалынын жанынан башталды. Марштын маршруту Эркиндик бульвары менен «Ала-Тоо» аянтында жыйынтыкталды.

Жөө жүрүшкө жарандык активисттер, жалпыга малымдоо каражатынын өкүлдөрү катышты.

Кечээ, 13-октябрда Бишкекте “Азаттыктын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын жабылышын талап кылгандар акцияга чыгышкан. Буга чейин Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган.

Бишкекте эркин медиаларды колдоо жөө жүрүшү өттү
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты