Бишкекте эркек киши жолдогу көпүрөдөн секирип, каза болду

  • 12 часов мурун

Бишкекте эркек киши Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөдөн Чыңгыз Айтматов проспектисинин унаа жолуна секирген. Бул тууралуу 24.kg Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) шилтеме жасап жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эркек киши алган жарааттарынан улам жеринде каза болгон.

«Окуя бүгүн, 24-октябрда саат 9.00дөр чамасында болгон. 30 жаштар чамасындагы азиат улутундагы адам Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөдөн Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жолдун четине секирип кеткен. Окуя болгон жерде Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери иш алып барууда. Анын өздүгү такталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты