Бишкекте эмчек жана жатын моюнчасынын рагына акысыз текшерүү жүрөт

  • 1 год мурун

30-январдан 3-февралга чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Бул күндөр аралыгында 25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар эмчек жана жатын моюнчасынын рагына текшериле алат.

Акысыз текшерүү Бишкектеги №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, Шаардык студенттик поликлиникада жүрөт.

Аталган акция Бүткүл дүйнөлүк рак менен күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты — онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо жана дарылоо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты