Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды

  • 1 год мурун

Бишкекте электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи май районундагы Исанов көчөсү 79 дарегинде жайгашкан «79» бизнес борборунун аймагына «Эвокс» ишканасынан эки электр кубаттоочу жай орнотулду.

«Унаадан чыккан газдар айлана-чөйрөгө түздөн-түз жана узак мөөнөттүү терс таасирин тийгизери белгилүү. Электромобилдерге өтүү зыяндуу чыгындылардын узак мөөнөттүү жана олуттуу азайышына алып келет, бул экология үчүн жагымдуу фактор.

Бул экодолбоор Биринчи май районунун акимиаты менен бизнес-борбордун администрациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аркасында ишке ашырылды», — деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, мындай станциялардын санын көбөйтүү пландаштырылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты