Бишкекте элдик курултай башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи элдик курултай өтүп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултай 26-ноябрда аяктайт. Анын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Президент Садыр Жапаров 16-августта «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ал ошол күнү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу “бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин” билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. Бирок ал мыйзам убагында кабыл алынбай калган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты