Бишкекте эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтөт
- 2 года мурун
Бишкекте Expo Eurasia – 2022 жана Бишкек бизнес-форумунун алкагында Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин экспортту алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Тилек Жумалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өнөр жай көргөзмөсү 21-23-июнь аралыгында Бишкектеги “Аю Гранд” соода борборунда кадимки режимде, www.ExpoRF.ru жана www.ExpoEurasia.org порталдарында онлайн режимде өтөт. Көргөзмө Орусиянын «Зарубежэкспо» акционердик коому жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулп жатат.
“Көргөзмө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында уюштурулду. Анда Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Иран жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнөн 200дөн ашык компания, ал эми бизнес-форумга жалпысынан 500дөн ашык компания катышат”, — деди ал.
Көргөзмө төмөнкүдөй тематикалык секцияларга бөлүнгөн:
- Энергия жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар;
- Машина куруу;
- Металлургия;
- Темир жол транспорту;
- Мунайгаз өнөр жайы;
- Химиялык өнөр жай;
- Тоо-кен өнөр жайы;
- Агроөнөр жайы;
- Жогорку технологиялык жана инновациялык тармак;
- Банктык ишмердүүлү;
- Телекоммуникация;
- Медицина, фармацевтика, медициналык туризм;
- Билим берүү жана илим;
- Кызмат көрсөтүү (туризм, унаа ташуу, транспорттук логистика).