Бишкекте эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт

  • 2 года мурун

23-октябрда Бишкекте массалык чуркоо боюнча M Bulak Kuz Demi марафону өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти

Бүгүнкү күнгө чейин 3000ге жакын чоңдор жана 300 жаш жөө күлүктөр катталды.

Бишкек Эл аралык « M Bulak Kuz Demi» кайрымдуулук марафону быйылкы жылдын эң ири жана эң күтүлгөн спорттук иш-чарасы болуп саналат. Бул   42,2 километр марафондук аралыкты толук камтыган жалгыз жарыш. Бул аралыктан тышкары катышуучулар жарым марафонду – 21,1 километр, ошондой эле 10 километр жана 5 километр аралыктарды чуркай алышат. Ал эми балдар 300 метр, 500 метр жана 1000 метрге чуркашат.

Чуркоо 2016-жылдан бери жүрүп келет. Бул убакыттын ичинде ал  бардык аймактардан, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келген күлүктөрдүн сүйүктүү жарышына айланды. Жалпысынан иш-чарага 20 миңден ашуун адам катышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты