Бишкекте эки жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып жазды.

Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жайда турган Mazda үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, өрттүн жалыны жанында токтоп турган «BMW X7» үлгүсүндөгү унаага өткөн.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылды.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты