Бишкекте эки курулуш компаниясына 46 миң сом айып салынды

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте эки курулуш компаниясына таштандыны туура эмес жерге ыргытканы үчүн 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Сухэ-Батор көчөсүн бойлой жүргүзүлгөн рейд учурунда «Бурана Гранд» жана «НБК» компаниялары курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жерге ыргытканы аныкталган. Бул үчүн компанияларга протокол түзүлүп, ар бир ишканага 23 миң сомдон айып салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, жеринде протокол түзүлөрүн эскертти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты