Бишкекте ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин тар курамдагы жыйыны башталды

  • 2 года мурун

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) тар курамдагы жыйыны башталды.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин 2022-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, аймактагы экономикалык кырдаал, интеграция маселелери талкууланат.

Күн тартибинде жалпы 17 маселе каралмакчы.

Отурумга Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

Жыйын акыркы үч жылдан бери биринчи жолу салттуу форматта өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты