Бишкекте ЕАЭБдин жыйынына байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет

  • 2 года мурун

Бишкекте ЕАЭБдин жыйынына байланыштуу жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

8-9-10-декабрь күндөрү өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында Чүй облусунун айрым жолдоруна жана Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүнө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

— Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин; — Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектисинен тартып, Мамлекеттик резиденцияга чейин;

— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Бул күндөрү ИИМдин ЖКККББнын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн тартип кызмат өтөшөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты