Бишкекте депутат Атазовго каршы митинг өттү

  • 2 года мурун

Бишкекте депутат Шайлообек Атазовго каршы митинг өттү. Бул тууралуу 24.кг маалымат агенттиги жазып чыкты.

Бишкектин Свердлов районунун 3 тургуну, депутаттык мандатын тапшыруу талабы менен Жогорку Кеңештин имаратына барышты. Алардын нааразычылыгы Шайлообек Атазовдун билдирүүсүнө байланыштуу.

Кечээ, 9-июнда Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Депутат миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керектигин айткан.

«Биз Свердлов районунун тургундары, Атазовго добуш берген эмеспиз. Бирок ал парламентте сүйлөгөн сайын биздин шайлоо округу менен байланышып турат. Биз уялабыз. Районубуздун абийирине шек келтирбей, мандатын тапшырсын», дешти акциянын катышуучулары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты