Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

  • 2 года мурун
Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

Бишкекте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

М.Жангазиев атындагы куурчак театрында Европа Биримдигинин «Билим берүү кызматын жакшыртуу максатында учурдагы чакырыктарга жооп берүү» долбоору мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен иштеген мекеме-уюмдар үчүн иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборунун тарбиялануучулары жана өкүлдөрү катышты.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору ар бир адамды мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды алардын күнүндө гана эмес, жылдын 365 күнүндө эскерүүгө чакырат. Кайдыгер карабаңыздар, алар менен баарлашып, муктаждыктарын билип, колдоңуздар!

Маалымат үчүн: Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борбору Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына карайт. Райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү менен биргеликте медициналык, педагогикалык жана социалдык багыт менен иш алып барат. Борбордо медициналык-социалдык педагогикалык жана коррекциялык реабилитация жүргүзүлөт.

Эске салсак, борбордо эрте кийлигишүү бөлүмү, реабилитациялык бөлүм жана физиотерапия бөлүмү бар. Бардыгы болуп 98 кызматкер эмгектенет, анын ичинен 6 дарыгер, 13 медайым, 5 психолог, 21 атайын педагог жана 2 социалдык кызматкер.

5-декабрга карата борбордо 114 үй-бүлөгө медициналык жана психологиялык колдоо көрсөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты