Бишкекте демонтаж иштери уланууда
- 2 года мурун
Бишкекте демонтаж иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Айни-Дагестан көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 12 чарчы метрди түзгөн жеңил типтеги уруксатсыз коюлган объектини алды.
Ошондой эле, жол оңдоп-түздөө иштеринин алкагында Садырбаев көчөсүндөгү жарнак металл конструкциясы алынып, жол тазаланды. Учурда жолду оңдоп-түздөө иштеринин алкагында Жумабек көчөсүн бойлой мыйзамсыз курулган объектинин от жага турган меши, кире бериш бөлмөсү, тосмосу, дарбазасы алынды
Муну бөлүшүү