Бишкекте дарыгер-реаниматолог Айгүл Зибирова каза болду

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгер-реаниматологу Айгүл Зибирова каза болду. Бул тууралуу мекеменин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

«31-декабрь түнү ал нөөмөттө болгон. 2-январь күнү анын каза болгону тууралуу кабар айтылды», — деп жазылат билдирүүдө. 

Билдирүүдө айтылгандай, дарыгер 2019-жылдан тартып шаардык балдар ооруканасында эмгектенип, алгач медайым болуп иштеген. Кийин дарыгер-ординатор, андан соң дарыгер-реаниматолог катары жандандыруу жана токсикология бөлүмүндө үзүрлүү кызмат өтөгөн.
Борбордун Октябрь райондук милициясы аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди. «Бардык керектүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришкен мекемеден.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты