Бишкекте дагы эки жол капиталдык ремонт үчүн жабылат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы дагы эки жолду капиталдык ремонт жүргүзүү үчүн жабарын кабарлады. Кайсы көчөлөр жабылат?

Маалыматка ылайык, 10-августта Горький көчөсүнүн А.Кунанбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн унаа кыймылы үчүн жабылат.

Ал эми 11-августта Б.Юнусалиев көчөсүнүн А.Сүйөркулов көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн жабуу пландалууда.

Мэрия шаар тургундарын тыгындарды болтурбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландоону сунуштады.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты