Бишкекте дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 24-ноябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районундагы №5 ҮМБнын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун базасында уюштурулган “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө №4 ҮДТда мамлекеттик дарыкананын ачылышы бул райондун калкынын сапаттуу дарыларга арзан баада жеткиликтүүлүгүн жакшыртаарын белгиледи.

«Тунгуч» кичи районундагы №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 ҮДТсу 25 миңден ашык калкты тейлесе, анын 10 664ү 14 жашка чейинки балдар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты