Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда

  • 4 месяца мурун

Бишкекте чуңкурларды жамоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын бригадалары Дэн Сяопин проспектисинин Алыкулов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинин Фучика көчөсүнөн Павлова көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол кемчиликтерин жоюуда.

Буга чейин ишкананын кызматкерлери Чүй проспектиси менен Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсү менен Малдыбаев көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин, Байтик-Баатыр көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнөн Масалиевге чейин, Абдрахманов көчөсү менен Л. Толстой көчөсүнө Жибек-Жолуна чейин жана Эркиндик бульвары боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Фрунзеге чейинки чуңкурларды жамоо иштери жыйынтыкталган.

Шаардын борбордук көчөлөрүндө жол кемчиликтерин жоюу иштери жыйынтыкталган кийин, адистер экинчи даражадагы көчөлөргө өтүшөт.

Ошондой эле, милициянын кайгуул-күзөт бөлүмүнүн өкүлдөрү айдоочулардын коопсуздугу үчүн жол кыймылын жөнгө салууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты