Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

10-сентябрда Ак-Ордо-1 конушунда жайгашкан турак үйдүн короосунда 2006-жылы туулган М.Р. аттуу эркек бала чункур казып жатып, түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, альпинисттик шаймандын жардамында жабыркаган эркек баланы чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Маалыматка ылайык, жарандын абалы канааттандырарлык.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты