Бишкекте чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт бергенге шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт бергенге шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-декабрда саат 14:00 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына караштуу кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан видеокөзөмөл камераларын жана адамдын жүзүн таануу системасын көзөмөлдөө учурунда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны 1985-жылы туулган О.А. кармалган, кылмыш жасоого айыпкер болгон Кылмыш-жаза кодексинин 217-берененин 3-бөлүгүнүн 2- пунктуна (финансылык инвестициялык пирамиданы түзүү жана башкаруу) ылайык камакка алуу– оозеки бөгөт коюу чарасы тандалган.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө кармалган чет элдик жаран О.А., 2000-жылы каза болгон кыргыз жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, бир нече жолу пайдаланып жүргөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, аталган жаран Казакстандын укук коргоо органдарынан жашырынып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүп, каттоочу органдын кызматкерлери Кыргызстан аймагында издөөдө жүргөн кылмышкерди мындан ары мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүшкөн.

Анын үстүнө ал баңги затын сактагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 150 миң сом айыпка жыгылганга жетишкен.

Аталган факт Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 347-беренесине (паспортту мыйзамсыз берүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча паспорттук-виза жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин кылмыштуу аракеттери аныкталып, 1981-жылы туулган К.А. аттуу жарандын бети ачылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иштерине башка мүмкүн болгон шериктерди аныктоо жана коррупциянын мындай көрүнүштөрүн жок кылуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты