Бишкекте чет элдик жаран денеге оор залал келтирүүгө шектелип кармалды

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте чет элдик жаран денеге оор залал келтирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

7-январда Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Саламаттык сактоо министрлигинин М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна, курсагына бычак сайылып жана ички кан агуу диагнозу менен чет мамлекеттин жараны келгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чалуу боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп,барган жеринен окуя тастыкталган. Анда чет элдин жараны Б.К. ооз эки чыр-чатак учурунда А.Р аттуу жердешинин курсагына кайчы менен жарадар кылганын милиция кызматкерлери аныкташты.

Аталган фактынын негизинде райондук Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган Б.К аттуу жаран аныкталып, кармалды. Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмыш иши козголуп,бардык экспертизалар дайындалды.

Белгилей кетсек ушул сыяктуу фактыларды болтурбоо үчүн Бишкек ШИИББнын ЭММКАК кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандар менен бардык зарыл иштер жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты