Бишкекте үч эм уул төрөлдү

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте үч эм уул төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 15-сентябрда 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3 килограмм 300 грамм, 3килограмм 660 грамм, 3 килограмм 445 грамм салмакта төрөлгөн.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык, ооруканадан чыгарууга даярданып жатабыз», — деди шаардык перинаталдык борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты