Бишкекте үч эм төрөлдү

  • 3 месяца мурун

Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн. 1930 грамм, 2660 грамм, 2660 грамм салмактагы эркек балдар төрөлгөн.

«Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты