Бишкекте «бизнесте жол ачып берем» деп алдаган жаран кармалды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, шектүү май айынан октябрь айына чейин О.Г аттуу жарандын ишенимине кирип, «бизнесте жол ачып берем» деген шылтоо менен 43 миң доллар алган. Ал өзүн «көзү ачык» катары тааныштырып, ар кандай ырым-жырымдарды жүргүзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, М.К. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Муну бөлүшүү




