Бишкекте биринчи Евразиялык экономикалык форум башталды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 26-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитин утурлай Евразиялык экономикалык форум башталды.

Анын ачылышында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, аймактагы, дүйнөдөгү соңку бир катар окуялардан улам Евразиялык эконономикалык биримдиктин (ЕЭАБ) мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишине жол ачылып жатканын билдирди. Мындан улам аталган уюм «дүйнөлүк экономиканын ири субъектиси» боло аларына ишеним артты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, экономикалык форумга катышуу үчүн бул уюмга мүчө мамлекеттерден 2,5 миңден ашык ишкерлер чөйрөсүнүн, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катталган.

Анда транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштар маселелери, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар болору айтылган. Ошондой эле дагы башка бир катар иш-чаралар өтүп, жыйынтыгында 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюлмакчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты