Бишкекте бир жуманын ичинде мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн төрт мектеп директору кармалды

  • 11 месяцев мурун

Бир жуманын ичинде Бишкектеги билим берүү мекемелерине окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн төрт мектеп директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Төртүнчү директор 1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган учурда кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Президенттин 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз билим алууга укуктарын ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардыгы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен камсыздалат.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча чогултуу практикасынан баш тартууга жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты