Бишкекте бир жашар бала менингиттен чарчап калды
- 2 года мурун
Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында бир жашар бала менингиттен чарчап калды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минитрлигинен кабарлашты.
Аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун маалыматына караганда, 1 жаш 1 айлык А.Э. 23-февралда саат 17:30 чамасында оор абалда ооруканага түшкөн.
Бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, абалы оор болгондуктан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын инфекционисттери шашылыш консультацияга чакырылган. Дарыгерлер балага “Менингококк инфекциясы” диагнозун коюшкан.
Бала ооруканага түшкөндөн 6 сааттан кийин, саат 23:50дө чарчап калган.
Муну бөлүшүү