Бишкекте бир күндө көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга 308 миң сом айып салынды

  • 3 месяца мурун

Ленин районда бир күндө  29 эреже бузуу аныкталып, 308 000 сомго айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-майда Муниципалдык инспекциянын Ленин району боюнча инспекторлору Л.Толстой, Д.Садырбаев жана Токтогул көчөлөрүндө рейд жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө 60 дан ашык чарба субьекти текшерилди. Көрктөндүрүүнүн эрежесин бузгандарга карата 29 протокол жазылып, 308 000 сомго айып пул салынды.

Көпчүлүгү «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114,115-беренелерин бузушкан.

Ошондой эле чарба субьектилердин ээлерине жана ижарачыларына
жанаша  аймагын таза кармоо, тышкы көрүнүшүнүн көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жазма буйруктар берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты