Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

  • 5 месяцев мурун

21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмакта катышат:

Кыз-келиндер арасында эркин стиль: 53, 58, 64, 71, 79, +79 кг;

Эркектер арасында эркин жана классикалык стиль: 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг;

Мелдештин программасы:

Башталышы: 21-февраль, саат 10:00;

Салтанаттуу ачылыш аземи: 21-февраль, саат 13:00.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты