Бишкекте бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрда саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде 25-30 жаштагы адам сөз менен Б.С. аттуу аял менен уруша кетип, ал аялга жана уулу С.А.га кол салып, денелерине залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен.

Окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыштуу топтуп активдүү мүчөсү болгон, мурда бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган жаран Д.А. изине түшүп, ал адамга издөө жарыяланган.

7-декабрда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Аламүдүн районундагы сарайлардын биринде 1995-жылы туулган жаран Д.А. кармалып, тергөө органдары тарабынан убактылуу кармоо жайына камалды.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты