Бишкекте башка бирөөнүн атына насыя алынган факт боюнча кылмыш иши козголду
- 6 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Октябрь районунун Б.Н. аттуу тургунуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын атына дээрлик 167 миң сомдук насыя алганын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, 2003-жылы туулган кыз өзүнүн банк эсебин үчүнчү жактарга өткөрүп берип, алдамчыларга жардам көрсөткөнү аныкталды. Ага карата кылмыш иши козголуп, айыпталуучу катары жоопкерчиликке тартылды жана электрондук көзөмөл чарасы колдонулду.
Милиция «дропперликке», банк карталарын жана эсептерин алдамчыларга берүүгө КРнын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет.
Муну бөлүшүү




