Бишкекте балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын диний лагери аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Аталган диний мекеме өз ишмердүүлүгүн уруксаты жок жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында (ДИМК) каттоосу жок жүргүзүп келген. Анда жашы жете элек балдар, негизинен кыз-келиндер билим алганы такталды.

Аталган мекемеде ДИМКнын, Санэпидемкөзөмөлдүн, Билим берүү министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, өрт кызматынын жана жергиликтүү органдар кызматкерлеринин катышуусунда комиссиялык текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди, окуу-тарбия программаларын, өрт коопсуздугун сактоо боюнча мыйзам бузуулар аныкталган.

Учурда мыйзамсыз иштеп жаткан диний балдар лагеринин ишмердүүлүгү токтотулду.

УКМК “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык, балдарды диний уюмдарга тартууга жол берилбей турганын эскертет. Мекеме ошондой эле жарандарды балдарын ар кандай диний мекемелерге, анын ичинде лагерлерге жибербөөгө чакырат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети июнь айында Бишкек шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан эки медресе жана Лейлекте аялдар менен кыздарга диний билим берген мекеме жабылганын билдирген.

13-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагында медресе мыйзамсыз иштеп жатканын аныктап, ишмердүүлүгүн токтоткон. 21-июнда Баткенде «Мариям» аталышындагы диний лагер атайын каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныктаган.

3-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бир диний мекеме, 6-июлда Талас районунун Атай Огомбаев айылында, 11-июлда Бишкекте мыйзамсыз иштеп жаткан балдардын эки диний лагери, 16-июлда Сокулук районунда каттоодон өтпөгөн диний билим берүү мекемеси жана 19-июлда Бишкек шаарында тийиштүү уруксат кагаздары жок балдарга диний сабак берген “Ыйман” деп аталган мыйзамсыз медресенин иши токтотулган.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты