Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салтанат өттү 

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкекте салтанаттуу иш-чаралар өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Майрам «Наристе» экинчи Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын алкагында уюштурулган параддык жүрүш менен башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген 3 миңден ашык бала катышты.

Андан соң президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты